Бишкек шаарындагы дин кызматкерлер бирдиктүү форма кийишет
Бүгүн, 20-июнда, Бишкек шаарынын мусулмандар казысы Садридин ажы Маджитов шаардагы имам хатибдерге жана казыят кызматкерлерине бирдиктүү форма кийүү боюнча тапшырма берди. Мындан ары дин кызматкерлер ар кандай жыйындарда, жакшылыктарда адеп-ахлагы, насаат сөздөрү менен өзгөчөлөнгөн сыяктуу кийген кийими менен да башкалардан айырмаланышмакчы. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
«Имамдар эл менен тыгыз иштешет. Ар кандай иш-чараларда эл менен бирге болгондуктан шаар аймагындагы дин кызматкерлер бирдиктүү форма жана селдеси менен Исламдын белгисин көрсөтүп турушу керек. Бул деген күнүмдүк жашоодо да такай ушундай кийим менен жүрүшү керек дегендике жатпайт. Эл алдына чыкканда,жана ар кандай жыйындарда ушул формасын милдеттүү түрдө кийиши керек»,-деди Бишкек шаарынын казысы.
Ссылка: https://barometr.kg/content2870
Добавить комментарий ×