Чолпон-Ата шаарынын мэрине кылмыш иши козголду
Чолпон-Ата шаарынын мэри Карыбек Саралаевге карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Генералдык прокуратура тарабынан кабарланды.
Эскерте кетсек, мурда Ысык-Көл районунун прокуратурасы Чолпон-Ата жана Балыкчы шаарларында жана ошондой эле Ысык-Көл жана Тоң райондорунда курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча мыйзам жаатындагы аткаруу боюнча текшерүү иши жүргүзүлгөн.
Прокурорлорго Бостери айыл өкмөтүндө ыргытылган таштандылар боюнча акт жок экендиги маалым болгон. Текшерүүдө белгилүү болгондой бул жерге расмий полигон пункт кылууга уруксаат берилген эмес. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары таштанды ташталган жер айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизип жаткандыгына баа беришкен эмес.
Мындан тышкары, 1976-жылдан бери Мамлекеттик экотехинспекция тарабынан ал жерди көмүү тууралуу буйрук берилген. Бирок, Чолпон-Ата шаарынын жетекчилиги ага баш ийбестен ал жака таштанды ыргытыла берген.
Мамлекттик экотехинпекция Ысык-Көл райондук прокуратурасына кайрылган. Иликтөөнүн жыйынтыгында тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн иш райондук ички иштер бөлүмүнө сунушталган.
Ссылка: https://barometr.kg/content2864
Добавить комментарий ×