Ысык-Көлдөгү жарылуудан эки адам мерт болду
Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында газ сатуучу жайда газ баллондор жарылып, андан эки адам мерт болду.
Саламаттык сактоо министрлиги алардын бири өспүрүм экенин, Ананьевонун ооруканасына жеткирилген сегиз адамдын абалы оор экенин билдирди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, 19-июнда “Газпром” компаниясына таандык станциянын жанында газ баллон жарылуусунан бир газ ташуучу унаа, эки портер, бир жеңил унаа жана газ баллон күйүп кетти. Өрттү өчүрүүгө үч бөлүм тартылды. Алар кечки саат алты жарымдар менен өрттүн жайылышын токтотушту. 10 метрден кийин жеке АЗС жайгашкан, өрт өчүрүүчүлөр өрттүн очогун өчүрүп ал жерге ага өрт жеткен эмес.
Алдын ала маалыматка ылайык, 8 адам жабыркап жергиликтүү ооруканага жеткирилсе, 2 адам-бири чоң киши экинчиси –бала набыт болушту. Маалыматтар такталууда.
Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлдөрү жөнөп кетишти.
Ссылка: https://barometr.kg/content2857
Добавить комментарий ×