Мирзиёев эки аял алууга каршы чыкты
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев 15-июнда өлкөнүн бардык аймактарынан келген имамдар жана диний ишмерлердин катышуусунда видеоселектордук жыйын өткөрдү. Бул тууралуу Борбор Азия жаңылыктар кызматы кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө өлкө башчысы көп аял алуу боюнча пикирин билдирип, экинчи аялдар үчүн нике кыйган имамдар мыйзам алдында жооп бере тургандыктарын белгиледи. Анын бул сөздөрү жазылган тасма YouTube сервисинде кызуу талкууларды жаратты. Андан сырткары видео BBCнин өзбек кызматынын сайтында да популярдуу болууда.
“Акыркы кездери шарият мыйзамдары менен никеге туруп, экинчи аял алган учурлар өтө көп катталууда. Расмий түрдө катталбастан никеге тургандар баарынан да Ташкентте көп. Экинчи аялдардан мыйзамсыз төрөлгөн балдардын келечеги кандай болот? Урматтуу имамдар, андай балдардын көйгөйлөрүнө силер айыптуу болосуңар”, - деп билдирди Мирзиёев.
Ошондой эле өзбек президенти никенин расмий катталгандыгы тууралуу күбөлүксүз нике кыйган имамдарга карата атайын жаза каралган мыйзам долбоору иштелип чыга турганын белгиледи.
Ссылка: https://barometr.kg/content2840
Добавить комментарий ×