Бишкекте талаштуу үйдөн эл күчтөп чыгарышууда
Поделиться в:
Бишкектин жогору жагындагы "Киргизия-2" конушундагы эки кабаттуу үйдө жашаган 24 үй-бүлө имараттан чыгарыла баштады. Бул тууралуу inter.kg булагы кабарлады.
Сот аткаруучулар департаменти билдиргендей, имарат алгач "Керамика" ишканасына таандык болгон. Кийинчерээк "Аманбанктын" карамагына өткөн. Бишкектин Ленин райондук сотунун 2013-жылдагы чечимине ылайык, ал жерде жашагандар чыгарылышы керек. Аны ишке ашыруу 2017-жылдын 16-июнунда башталды. Тургундар 20 жылдай мурун үй кароосуз турган кезде кирип жашап алышканын, колдорунда эч кандай документ жок экенин билдирди. Бирок ушунча жыл аралыгында турак жайды карап жашагандарды сыртка чыгарып салууну туура эмес деп жатышат.
Ссылка: https://barometr.kg/content2834
Добавить комментарий ×