Ош базарда кайрычы өлүп жатса эч ким көңүл бурган эмес

19 июня 2017 14:10 713 Barometr
Поделиться в:
ok

17-июнда түшкү саат 13:00 чамасында Ош базарында эркек киши каза тапты. Сөөктүн башына ак чүпөрөк жаап коюшкан.  Бул тууралуу 5news.kg булагы кабарлады.

Бирок тегерек-четте ондогон адамдар жүргөнү менен эч кимиси ага көңүл бурган эмес.

“Адамдын жансыз денеси базардын негизги киреберишинде жатат. Ысык күндө какталып жаткан сөөктү милиция кызматкерлери далдоо жерге алышпай же тегерек четин тозушкан эмес. Айтымдарында соттук-медициналык экспертизынын унаасы кечиккен.

Күбөлөрдүн айтымында сөөктүн күнгө какталып жатканына бери дегенде эле бир жарым саат өттү. Алдын ала маалыматтар боюнча, болжол менен ал 50-60 жаш курактагы киши. Ош базарына кайыр сурап келгенине үч-төрт күн болуп калган”,-деп жазды 5news.kg сайты.

Ссылка: https://barometr.kg/content2833



Добавить комментарий