60 жаштагы нарындык аял марихуана менен кармалды
Поделиться в:
Түрмөнүн жанында улгайган аял марихуана менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.
Аталган маалыматка таянсак, 15-июнунда мыйзамсыз баңгизат сатууга каршы мекемесинин кызматкерлери Нарын облусунун 60 жаштагы тургуну баңгизат сатууга тиешеси бар болушу мүмкүн деген маалымат алынып, текшерүү жүргүзүлгөн маалда аялдан 360 гр марихуана табылды.
Бул факт боюнча кылмыш иши ачылып, кармалган аял убактылуу кармоочу жайга жеткирилди. Учурда тергөө иши уланып жатат
Ссылка: https://barometr.kg/content2821
Добавить комментарий ×