Жалгыз бой энеге жардам көрсөтүлдү

19 июня 2017 11:50 790 Barometr
Поделиться в:
ok

Кара-көлдүк жаштар 96 жашка чыккан Курманжан эненин батирин оңдоо үчүн 100 миң сом чогултушту. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашты.   

Кара-Көл шаарынын  жаштары жүз миң сомду накталай чогултушкан. Бул акчаны ушул эле айылдын 96 жаштагы тургуну Шерикбекова Курманжан эненин  жашаган үйүн оңдоп-түзөө үчүн каражатка керектүү жабдыктарды алышкан.

Бул сунушту мечитке келген жаштар өздөрү колдошуп, шаар хатиби Бектен ажы Керезбаевге билдиришкен.  

Курманжан эненин абышкасы көзү өтүп, учурда жалгыз, 1-топтогу  эки буту жок майып уулу менен күн кечирүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content2817



Добавить комментарий