Бишкекте “Ак шумкар” партиясынын курултайы өтүп жатат

19 июня 2017 11:35 475 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 19-июнда Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда “Ак Шумкар” партиясынын VII съезди өтүп жатат. Бул тууралуу kaganat.kg булагы кабарлады.

Маалыматтарга ылайык, партиянын аталган иш-чарасында бир гана маселе – партиянын лидери, экс-премьер-министр Темир Сариевдин талапкерлигин президенттик шайлоого жылдыруу каралган жана  партиянын съезди бүтөөрү менен президенттик шайлоого талапкер катары Сариевге тиешелүү болгон документтер БШКга жөнөтүлөт.

Белгилей кетсек, буга чейин президенттик шайлоого талапкер катары эки жаран: «Лига – Антикризис» коомдук бирикмесинин төрагасы Назарбек Нышанов жана “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев арыздары менен кошо керектүү документтерин тапшырышкан.

Кыргызстанда президенттик шайлоо ушул жылдын 15-октябрында өтөт.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2816



Добавить комментарий