Биринчи майдын акимиятында студент практиканттарды килем жуудуртушкан

19 июня 2017 09:53 616 Barometr
Поделиться в:
ok
Президенттин алдындагы мамлекеттик  академиянын студентти Айкокул Маматова социалдык тармактагы өздүк баракчасына өзү жана группалашы менен практика өтүп жүргөн Бишкек шаарынын Биринчи май акимиятында килем жууганга мажбур кылышканын  жазган.
Жазылган билдирүүгө ылайык, практиканттарга жетекчилик кылган,  акимият бөлүмүнүн жетекчиси, “бир күн бою интернетте отурган”. Ошондуктан, ал алар менен эрежеге ылайык иш алып барган эмес.
"Бизге иш бергендин ордуна, ал бизди палас жуудуруп, каттарды ташытып жана башка жумуштарды жасаткан", - деп Айкокул билдирүү калтырган.
Студент жазгандай, алардын аракетине карабай, акимияттын кызматкери жумушка ылайык кийим кийишпейт жана 9.00 дөн 18.00гө чейин жумуш үстүндө болушпайт алардан деп баш тарткан.
 

Ссылка: https://barometr.kg/content2796



Добавить комментарий