Классташын өлтүргөн адам 16 жылга эркинен ажыратылды

17 июня 2017 10:32 812 Barometr
Поделиться в:
ok

Ош шаардык соту 1994-жылы туулган Нурсултан Насировдун өлүмүнө шектүүлөргө карата чечим чыгарды. Бул тууралуу Ош облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Күнөлүү деп табылган К.Б. 16 жылга эркинен ажыратылды. Маалыматка таянсак ал жазаны күчөтүлгөн тартиптеги абакта өтөй турганы айтылган.

Мындан тышкары, шектүүлөрдүн дагы экөө жети, дагы экөө беш жылга кесилди. Ал эми Кылмыш жаза кодексинин 63-беренеси боюнча төртөөнө эки жылдан сынак мөөнөтү белгиленди.

Маалыматтарда Нурсултан 2016-жылдын 5-сентябрында саат 24:00 чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз жоголгону айтылып келет. 30-сентябрь күнү чирий баштаган абалда сөөктөрү ар кайсы жерден табылган. Аны сабап өлтүрдү деген шектүүлөр Ош шаарынын Жапалак айылынын тургундары, маркумдун классташтары болуп чыкты.

Кылмышка шектелген маркумдун классташтары кармалып, тергөө учурунда окуянын кандай болгонун баяндап беришкен. Алардын айтымында, Нурсултанды үйүнө чакырган К.Б. аттуу жаран ортодогу пикир келишпестиктен улам аны сабап жатып өлтүрүп алган.

Андан кийин денени шериктери менен "Дэу Тико" унаасына салып Кең-Сай конушундагаы талаага алып барып көөмп ташташкан.

Булак: sputnik.kg

Ссылка: https://barometr.kg/content2770



Добавить комментарий