Жарым жылаңач адам ак үйдүн алдында элдерди коркуткан

17 июнь 2017 10:19 989 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Шаардын чок ортосунан адамдарга кол салып жаткан жарым жылаңач кишини милиционер кармап кеткен.
Колуна факел кармаган жарым жылаңач киши ак үйдүн жанынан ары-бери өткөндөрдү коркутканын Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.

Анын айтымында, окуя 15-июнь күнү болжол менен саат 20.00дөрдө болгон.
Жарым жылаңач киши Ак үйдүн жанынан ары-бери өткөндөрдүн үшүн алды
Видеодо колуна от кармаган киши Чүй проспектиси менен бир адамдын артынан чуркап барып, артын карап бир нерсе айтып кыйкырганын көрүүгө болот. Жанында турган милиционер ыңгайлуу учур болгондо тиги кишинин колунан факелди тартып алган. Ага ошол жерде турган адамдар жардам беришкен.

Бишкек шаардык милициясы бул маалыматты тастыктады. "Кечинде "Ала-Тоо" аянтында белгисиз эркек киши футболкасын чечип, аны менен таяктын башын ороп туруп от коюп, ары-бери өткөндөргө кол салып жатат деген маалымат түшкөн. Аны аймактык инспектор кармаган", — дешти маалымат кызматтан.

Кийинчерээк элди коркуткан кишинин мас экени аныкталды. Иштин материалдары райондук сотко өткөрүлүп, шектүү жаран камакка алынды.

Ссылка: https://barometr.kg/content2768



Добавить комментарий