Өкмөт башчы спортчуларды өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады

17 июня 2017 10:01 529 Barometr
Поделиться в:
ok

Сооронбай Жээнбеков кечээ, 16-июнда, эл аралык мелдештерде ийгиликке жеткен ата мекендик спортучуларды өкмөттүк сыйлыктар менен сыйлады.

Премьер-министр билдиргендей, өткөн жылы ата мекендик спортчулар 528 медалга ээ болушту. Анын ичинен 127 алтын, 158 күмүш жана 243 коло медалдар. Ал белгилегендей, бул жетишкендиктер талыкпаган эмгектин жана машыгуунун жыйынтыгы.

Спортту өнүктүрүүгө кошкон салымы жана эл аралык спорттук мелдештердин жыйынтыктары боюнча жогорку спорттук натыйжаларга жетишкендиктери үчүн өзгөчөлөнгөн спортчуларга Өкмөттүк сыйлыктарды жана акчалай байгелерди ыйгарды.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин резервдик фондунан Кыргыз Республикасынын волейбол федерациясы 100 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан баалуу белек менен 6-жашка чейнки өспүрүмдөр арасындагы 2017-жылдын Азия чемпионатынын коло медалынын ээси Чынгыз Султай да сыйланды.

Ссылка: https://barometr.kg/content2766



Добавить комментарий