Бутка килем: Борбор Азияда кимдер чаң жерди басышпайт?

16 июня 2017 16:41 641 Barometr
Поделиться в:
ok
Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев социалдык тармактарда килем үстүндө туруп сүйлөгөнү катттуу талкууга алынган эле. Бирок, белгилүү болгондой мындай ишти кылган ал гана эмес Орто Азиядагы бир нече чиновниктер бар экендигин “Ачык онлайн Азия” иликтеп көрдү.
 
Кыргызстан
 
Буга чейин социалдык тармактарга Оштун мэри курулуш тармагына барып ал жерден алдына төшөлгөн килем тууралуу сүрөт катуу талкуу жараткан. Бул анын биринчи жолу гана болгон  эмес, мындан мурда да бир нече ирээт болгон экен.
Кызыл килемдин үстүндө премьер-министр Сооронбай Жээнбеков сүйлөп жаткан маал. Бул Оштогу Ак-Буура көпүрөсүнүн ачылыш учурунда тартылган сүрөт.
Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков дагы Баткендеги эки мектептин ачылыш аземинде кызыл килемдин үстүндө сүйлөп жатканын көрүүгө болот.
Мурдагы премьер-министр Темир Сариевди Ош шаарындагы ремонттолгон Ататүрк эс алуу паркынын ачылышында кызыл килемдин үстүндө көрүүгө болот.
 
Таджикстан
 
Таджикстанда, килемдер өзгөчө кызыл түстө экендигин эске алуу керек. Кызыл килемсиз коноктордун, өзгөчө мамлекет башчыларын тосуп алуу салтанаттарында мунсуз элестетүү кыйын. Ошол эле маалда президент –талаага же мамлекеттик мекемеге барбасын килемди баардык жакка төшөп келишет.
 
Муну Эмомали Рахмон өзү бир нече жолу сынга алган. Мисалы 2012-жылы өкмөттүн кезектеги жыйынында ал:
"Кошомат кылбагыла! Баары белгилүү, баары түшүнүктүү! Мага ондогон жолу ар бир сиз келгенде: президент келет, сахнага, килемге , гүлгө , тамак-ашка акча бергиле деп  чөнтөктөрүбүздү кагып алышат”,- деген ал өз сөзүндө.
Бирок, азыркыга чейин килемди ар бир иш сапарларда алдыларына төшөп келишет.
 
Түркмөнистан
 
Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов өзүнүн баардыгынан да  килемге болгон сүйүүсү белгилүү.  Ушул гана өлкөдө алар тууралу китептер чыгып, түркмөндөрдүн килеминин күнү деп жыл сайын май айынын акыркы жекшемби күнү майрамдалып келет.
 
Бирок, 2012-жылы аталган өлкөнүн башчысынын инаугурациясында ал өзүн-өзү ашып түшкөн.
 
Булак: nur.kz
 

Ссылка: https://barometr.kg/content2760



Добавить комментарий