Атамбаев Путиндин чакыруусу менен Россияга барат
Поделиться в:
Президент Алмазбек Атамбаев Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен 19-июнда Россияга мамлекеттик иш сапар менен барат жана 24-июнга чейин аталган өлкөдө болот. Бул тууралуу бүгүн 16-июнда болгон брифингде президенттин аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Айзада Субакожоева билдирди.
Анын айтымында, иш сапар Россия менен Кыргызстандын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин өнүгүшүнүн 25 жылдыгына арналмакчы. Атамбаев ошондой эле иш сапардын алкагында өкмөт башчы Дмитрий Медведев менен да жолугушуп, Россияда иштеген кыргыздар менен жолугушуу уюштуруусу да пландалып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content2753
Добавить комментарий ×