Ысык-Көл эл аралык аэропорту 30-июндан тартып учактарды кабыл ала баштайт
Биринчи каттам 30-июнда Ош шаарынан келет. Андан кийин чет элдик учактар каттап баштайт.
Тамчыдагы "Ысык-Көл" эл аралык аэропорту 30-июндан тарта аба каттамдарды кабыл ала турганын компаниянын маалымат кызматы билдирди.
Биринчилерден болуп Оштон келген учак конот. Учактар Ош — Ысык-Көл — Ош каттамы боюнча ар жума жана жекшемби күндөрү учуп турат.
4-июлда Алматы менен Ташкент шаарларынан каттамдар келсе, 6-июлда Новосибирск калаасынан аба кемелери учуп келип конот.
Быйыл Казакстандан дүйшөмбү, бейшемби жана жума күндөрү Алматы — Ысык-Көл — Алматы багыты боюнча туруктуу сегиз каттам уюштурулат.
Ошондой эле шейшемби жана шаршемби күндөрү Ташкент жана Новосибирскиден аба каттамы уюштурулат.
Ссылка: https://barometr.kg/content2734
Добавить комментарий ×