Заара ушатып жаткан милиционердин сүрөтү социалдык тармакта кызуу талкууга алынды
Поделиться в:
Социалдык тармактарга тарап кеткен сүрөттө милиционер таштанды челектеринин жанында заара ушатып жатканын көрүүгө болот. Ошондой эле MVD 142 В мамлекеттик номердеги “НИВА” үлгүсүндөгү унаа дагы түшүп калган.
Маалыматка ылайык, окуя Гоголь көчөсүнүн Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосундагы бөлүтө орун алган.
Шаардык милиция аталган факт боюнча териштүрүү иштери журүп жаткандыгын билдиришти.
Социалдык тармактардагы колдонуучулар коомдук тартипти сактагандар башкаларга ушундай үлгүү көрсөтүп жатса, башкалар кантет жана мындайларды жазалаш керек деген пикирлерди калтырышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content2727
Добавить комментарий ×