Өкмөт башчынын Чүй облусуна болгон жумуш сапары

16 июня 2017 11:02 434 Barometr
Поделиться в:
ok

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кечээ, 15-июнда, жумуш сапары менен Чүй облусуна барды.  Бул тууралуу Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады. 

Жумуш сапардын жүрүшүндө Өкмөт башчы кум шекер өндүргөн «Кошой» ААК ишмердүүлүгү, Сокулук районунун Белек айылындагы «Новотроицкий» суткалык жөнгө салуу бассейнинин абалы, Сокулук районундагы Романовка-Камышановка автожолунун участкасын реконструкциялоо иштери жана Москва районуна караштуу Беловодск айылындагы «50-лет Киргизии» көчөсүн оңдоо иштери менен таанышты.

Мындан сырткары Сооронбай Жээнбеков Чүй облусунун Москва районундагы бир катар билим берүү объектеринин  абалы жана курулушун көрдү.

Ссылка: https://barometr.kg/content2720



Добавить комментарий