300 килограмм болгон айым балалуу болуш үчүн арыктоону чечкен

15 июня 2017 17:25 728 Barometr
Поделиться в:
ok

“Америкалык Моника Райли толук эне болуудан баш тарты. Ал үчүнчү жолу баласынан айрылып калуудан коркуп тез арыктоодо”,-деп жазат “Life.ru” .

300 кг салмак болгон Моника буга чейин эки жолу боюнан түшүп калган. Ошондон улам ал азыр үчүнчү баласын көтөрүп жүргөндө ал үчүн баардыгын кылууга даяр. Кош бойлуу экенин билгенден кийин ал 90 килограммды 10 күн ичинде таштаган.

Кош бойлуу Мониканын баласына 15 жума болгон жана ал 226 килограмм салмакта.

 «Өмүрүмдүн кайсы бир учурунда дүйнөдөгү эң толук айым аталгым келген. Мен төшөктө жылбай жатып алып тамак жей бергим келчү. Бирок азыр кош бойлуу болгон кезде бул мен үчүн кандайдыр бир коңгуроо деп түшүнөм”,-деди Моника.
Моника баласы  менен активдүү жашоо образын түзүп жашагысы келээрин ачыктаган. Ал эми жылбай бир орунда отура берсен ал максатка жетүү кыйын.

Ссылка: https://barometr.kg/content2691



Добавить комментарий