Уйлар Британиянын мультимиллионерин тепсеп өлтүргөн
“Улуу Британияда миллионер уйлардын тебелендисинде калып өлгөн”,-деп жазат “Life.ru” сайты.
80 жаштагы миллионер окумуштуу, Оксфорд университетинин профессору жана ийгиликтүү безнесмен Брайан Беллхауз болгон.
Кырсык Чыгыш Суссекседеги Беллхауз ата-тегинен калган жеринде кечки сейилдөө маалында болгон.
Түшүнүксүз жагдайлардан улам жайыттан келе жаткан уйдун бадасы бир нерседен коркуп карыяны сүзүп тебелеп кетишкен.
Каза болгон адамдын үнүн кошуналары угуп калышкан. Алар жетип барганда уйлар Беллхаузга оор жаракаттарды келтиришкенин көрүшкөн.
Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылган. Миллионерди тез арада учак менен жакынкы ооруканалардын бирине жеткирүүнү ойлошкон бирок ал ошол жерден мерт кеткен.
Дарыгерлер ага жасалма дем алдыруу жана жабык жүрөк массажын жасашкан, бирок анын өмүрүн сактап кала алышкан эмес.
Брайан Беллхауз мурда Оксфорд университетинде билим берип иштеген. Ошондой эле окумуштуу фармацевтикалык компаниялардын бири болгон “Powderject” жетектеген. Компания сасык тумоого каршы вакциналарды иштеп чыгат.2003-жылы америкалык корпорация “Chiron” аны 54,2 миллиона фунт стерлингге сатып алган.
Бул айда уйлар эки жолу Улуу Британияда жашаган элге каршы чыкканын белгилей кетүү керек. Бир окуя Улук Манчестер округунда болгон, башкасы - Уайт аралында катталган. Натыйжада, эки аял жаракат алган.
Ссылка: https://barometr.kg/content2667
Добавить комментарий ×