Сарпашев: Креслого жабышып калбайм

15 июня 2017 12:13 456 Barometr
Поделиться в:
ok

“Мен “Учкун” ачык акционердик коомунун иши боюнча мыйзам бузбаганымды далилдедим. “Скрябин 45-45а” участкасы боюнча да далилдейм. Бирок Мамлекеттик каттоо кызматы 4 айдан бери төрагасы жок отурат, мындай болбошу керек. Кимдир-бирөө каттоо кызматын жетектеп, жоопкерчилик алууга тийиш”,-деп билдирди Barometr.kgге МККнын төрагасы Тайырбек Сарпашев өзүнүн кызматтан кетүүсүнүн себептери тууралуу.

Сарпашевдин айтымында, 2017-жылды 12-июнда УКМК кылмыш ишинин курамында болбогондуктан аны айыптоону токтоткон.

Эскертке кетсек, Сарпашевди мамлекеттик «Учкун» ААКында мамлекеттик документтердин бланкаларын даярдоого мыйзамсыз буйрук берген деп күнөөлөп жатышкан.

 “Мен 2013-жылы вице-премьер-министр кезимде ушундай болду деп чыгышты. Кудайга шүгүр чындыкты жана акыйкаттыкты калыбына келтиришти.

Бишкек шаарындагы Скрябин көчөсү 45-45а дареги боюнча жер участогунун айланасындагы иште дагы күнөөсүз экенимди далилдейм деп турам. Мен ушунча жалаа жабышкандарына эмдигиче шок болуп отурам. Тергөө баарын ачыкка чыгарып мыйзам бузуучуларды жоопкерчиликке тартат го деген үмүттөмүн.

Төрт айдан бери МКК төрагасы жок отурат. Бул  көп убакыт.Ошондуктан кызматтан кетүүгө арыз бердим. Креслого жабышып калбайм жана жакшы ысым мен үчүн куру нерсе эмес ”,-деп айтты  Сарпашев.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2664



Добавить комментарий