Бишкектин жана Чүйдүн айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт

15 июня 2017 11:55 550 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун айрым жерлеринде электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан кабарлашты. 

Аталган маалыматка таянсак, бүгүн, 15-июнда Чүй областындагы Лебединовка, Дмитриевка, Военно-Антоновка, Ак-Бешим айылдарында, Кара-Балта шаарында электр энергиясы өчүрүлөт.Ал эми Бишкектеги Горький, Дружба көчөлөрүндө, Аламүдүн-1 кичи районунда жана Кара-Жыгач, Ак-Босого, Ак-Өргө, Арча-Бешик конуштарында жарык берилбейт.

Жарыкты өчүрүү убактысы эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин.

Электрди өчүрүү оңдоо иштерине байланыштуу болуп жатканын ишканадан кабарлашты.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2662



Добавить комментарий