Жыл башынан бери 27 млрд 790,9 млн сом салык чогулду

15 июня 2017 11:35 426 Barometr
Поделиться в:
ok

Жыл башынан бери 27 млрд 790,9 млн сом салык чогулду.  Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы кабарлады.

Январдан бери план 100,2% аткарылды. Болжонгондон 66,5 млн сомго көп чогулган.

Өткөн жылдын ушул эле убакытына салыштырмалуу чогулган салыктын көлөмү 10,5%га көп. Же 2 млрд 651,7 млн сомго. Бул сатуудан тушкөн салыкты кошпогондо дейт салык кызматы.

Ссылка: https://barometr.kg/content2660



Добавить комментарий