Ош шаарынан Курбу-Таш айылындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга жардам жеткирилди

15 июня 2017 10:32 422 Barometr
Поделиться в:
ok

Кечээ, 14-июнда Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Өзгөн районунун Жалпак-Таш айыл аймагынын Курбу-Таш айылына барып, жер көчкүдөн жабыр тарткандардан  кабар алып келди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

 Аталган аймакка Ош шаарынан курулуш иштерине керектелүүчү 8 миң даана бышкан кыш жана тамак-аш азык-түлүктөрү жеткирилип, жабыр тарткандарга тапшырылды.

 Ош шаарнын мэри Айтмамат Кадырбаев  өз сөзүндө жер көчкүдөн жабыр тарткандарга жардам берүү иретинде мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалардын кызматкерлери бир күндүк айлык акысын чегергендигин жана ошондой эле, жеке ишкерлер, өндүрүш ишканалары да кайдыгер калган эместигин айтып өттү.

 “Жер көчкү түшкөн аймактарга азык-түлүк, курулуш материалдарын жеткирип жатабыз. Мындан тышкары өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан ачылган атайын эсептик счетко 5,4 млн.сом өлчөмүндө  акча которулду.Бул кайдыгер карабай, табияттын кырсыгынан жапа чеккендерге мекеме-ишканалардын кызматкерлери тарабынан чегерилгене акча. Ал эми жеке ишкерлер да өз салымдарын кошууда” – деди А.Кадырбаев.

 Жер көчкүдөн жабыр тарткандардан кабар алуу үчүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун ректору Бекмурза Зулуев, шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Шукуралим Мадаминов да барган.

 Жергиликтүүлөр Ош шаарынан келген жардам өз убагында, керектүү учурунда келгендигин билдирип, ыраазычылктарын айтышты.

 Белгилей кетсек, Курбу-Таш айылынын 68 үй-бүлөсүнө Жаман-Адыр айылынан жер тилкеси берилген.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2646



Добавить комментарий