Чагылган түшүп күйүк алган адамдын абалы оор

15 июня 2017 09:30 746 Barometr
Поделиться в:
ok

13-июнь күнү саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Орто-Азия айылынын тургуну 1995-жылы туулган К.уулуУ. Күрөбөз жайлоосунда кой кайтарып жүргөн жерге чагылган түшүп, денеси күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.

Тез жардам автоунаасы менен Жалал-Абад облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алынып келинип жаткызылган.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча анын денесинин 10% күйүп алып абалы оор.

Ссылка: https://barometr.kg/content2635



Добавить комментарий