Ошто 70ге жакын жаштар акысыз тил курсун бүттү

14 июня 2017 15:18 658 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 14-июнда Ош шаарынын жаштар комитети тарабынан уюштурулган жаштар парламент экинчи тобунун мүчөлөрүн окутуу жана акысыз тил курстары аяктаган  жаш активистерге сертификаттар тапшырылды. Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, жаштар иштери боюнча комитетинин төргасы Мелис Обозов, бүтүрүүчүлөр катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Вице-мэр Нурбек Кадыров курсту ийгиликтүү аяктаган жаштарды куттуктап, кайдыгер болбоого үндөдү.

“Ош шаарынын мэриясы мамлекеттин, шаардын өнүгүп өсүүсүнө кайдыгер карабаган жаштарга ар дайым колдоо көрсөтүп келет. Жаштар биз келечекти курабыз, андыктан биргеликте жаштардын саясатын жүргүзүп, өлкө үчүн билимибизди аябайлы. Ар тараптан өнүгүү учурдун талабы”- деди Н.Кадыров.

Ал эми жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Мелис Обозов жаштарды тил үйрөнүүгө көмөктөшкөн Максимум окуу борборуна ыраазычылык билдирип, жыйынтыгы чоң жетишкендик менен аяктаганын кошумчалады.

Айта кетсек, 70ге жакын жаштар акысыз англис, түрк жана орус тилдеринде үйрөндү. Ошондой эле 20дан ашуун студенттер жаштар парламентинин окуусунан өттү.

Ал эми курстун бүтүрүүчүлөрү үйрөнгөн тилинде Ош шаарынын мэриясына жана жаштар комитетине ыраазычылык билдиришти.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2605



Добавить комментарий