Элчинин байпагы. Арызыбек Кожошев менен Улуу Британиянын элчиси кантип жолугушкан?

14 июня 2017 14:38 795 Barometr
Поделиться в:
ok

 

КРнын өкмөтү менен Улуу Британия менен Түндүк Ирландиянын ортосундагы Кош салыктан арылуу жана киреше салык алымдарынан качууну токтотуу жана капиталды өстүрүү тууралуу келишимге кол коюу салтанаты Кыргызстандын Экономика министрлигинде өткөн. Келишимге КРнын Экономика министри Арзыбек Кожошев жана Улуу Британия менен Түндүк Ирландиянын атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси Робин Орд-Смит мырза кол коюшкан.

Ведомствонун расмий сайтында маалымдалгандай, иш чара 13-июнда Экономика министрлигинде болгон.

 Эскерте кетсек, буга чейин Barometr.kg Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчиси Twitterдеги баракчасына өзүнүн кооз байпагынын сүрөтүн жарыялап, расмий иш-чарага ушундай байпак кийип бара жатканын жазганынын маалымдаган эле.   

“Мындай байпак ушундай жагдайга жарашабы? Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кош салыкты алып салуу боюнча келишимге кол коюуга бара жатам”,-деп жазган Улуу Британиянын элчиси.

Белгилей кетсек, протокол боюнча мындай иш-чараларда дресс-код бекем сакталышы керек эле. Расмий сүрөттөрдө албетте элчинин түстүү байпагы көрсөтүлгөн эмес.

 Экономика министрлиги берген маалыматта документ КР менен Улуу Британиянын ортосундагы салык боюнча өз ара карым-катнашты чыңдоого багытталганы айтылат.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2601



Добавить комментарий