Кыргызстанда "Эмгек сиңирген ата" наамын киргизүүнү сунушташууда
Поделиться в:
"Эмгек сиңирген ата" деген наам киргизишибиз керек. Мындай демилгени бүгүн, 14-июнда, Жогорку Кеңештин жыйыныда депутат (КСДП) Ирина Карамушкина көтөргөнүн Teznews.kg сайты жазып чыкты.
Анын айтымында энелер үчүн сыйлык бар. Аталарга дагы ошондой сыйлыкты киргизүү керек. Эл өкүлү муну менен аталардын статусу көтөрүлөт деген ойдо.
Белгилей кетсек, жалпы жыйында "Мамлекеттик жөлөк пулдар" жөнүндө мыйзам долбоору каралды.
Ссылка: https://barometr.kg/content2597
Добавить комментарий ×