Кыргызстанда “Куралчан жихад” ячейкасын түзмөк болгон жигит кармалды

14 июня 2017 13:51 527 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарда эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү Я.У. аттуу жигит кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен маалымдашты.

Ал 2014-жылдан тартып диверсиялык-террористтик окуулардан өтүп, Сириядагы жоочулардын катарында согушка катышкан.

“Я.У. террористтик уюмдун башчыларынан көрсөтмө алып, Кыргызстанда “Куралчан жихад” уюштуруу үчүн уяча түзүү тапшырмасы менен келген. Ошондой эле ал Кыргызстандын аймагында террористтик акт уюштурууну көздөгөн”,-деп айтылат маалыматта.

Кармалган жаран УКМКнын абагына камалды. Кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2594



Добавить комментарий