Британ элчиси Кыргызстан менен келишим түзөрдө кызыл-тазыл байпагы менен мактанды

14 июня 2017 10:41 532 Barometr
Поделиться в:
ok

 Кыргызстандагы Улуу Британиянын элчиси Робин Орд-Смит  өзүнүн “Twitter”деги расмий баракчасына  кооз байпагынын сүрөтүн жарыялап, аны кийип алып Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы маанилүү документке кол коюш үчүн расмий жолугушууга бара жатканын жазды.

“Мындай байпак ушундай жагдайга жарашабы? Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы кош салыкты алып салуу боюнча келишимге кол коюуга бара жатам”,-деп жазды Улуу Британиянын элчиси.

Белгилей кетсек, протокол боюнча мындай иш-чараларда дресс-код бекем сакталышы керек.

Бирок кыргызстандык саясат таануучу Денис Бердаков социалдык тармактарда элчинин мындай жоругуна суктанып жатканын жазды.

 “Мен суктанып жатам. Ой жүгүртүүгө ачылган мүмкүндүк. Мурдагы  улуу экс-империянын элчиси ушундай нерсени жасап жатса анда дипломатиялык этикетти тарыхтын таштандысына таштоого болот. Мындай эркин адамга чын жүрөгүмдөн суктануудамын. Менин көз карашымда бул жаштарга жагат”,-деп жазды саясат таануучу.

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2571



Добавить комментарий