43 жаштагы аял кош бойлуу экенин төрөгөн күнү билди
Поделиться в:
“Австралиянын тургуну күтүүсүздөн үчүнчү жолу эне аталды. 43 жаштагы Алета О'Мира ооруканага ичинин ооруганынан улам кайрылган. Бирок анын толгоосу кармап жаткан. Кош бойлуу экенин аял ойлогон дагы эмес”,-деп кабарлайт “Life.ru” булагы.
Алетта өзү кош бойлуу экенин курсакты тартыруу үчүн төрт ай мурун жасалган операциядан улам сезбей калган.
Операция учурунда дарыгерлерди кандын анализи шек жараткан бирок, эч кимиси аялдын кош бойлуу экенин ойлошкон эмес. Эки баланын энеси болгон Алета 12 жылдан бери бойдо бүтүрбөөчү дарыларды кабылдап келген.
Кош бойлуу экенин билгенден кийин ал аябай коркуп кеткен. Анын жолдошу аутоиммундук дарттан эмделип жүргөн жана анын ичкен дарылары түйүлдүктүн өсүүсүнө зыян алып келүүсү мүмкүн эле. Бактыга жараша бала ден соолугу жакшы, соо төрөлгөн.
Азыр Алетанын баласы Тоби эки жашка чыгып ден соолугу чың.
" Албетте баары азыр ойлошот кантип кош бойлуу экенин билбей жүрө берген деп. Бирок ошондой болду-операция менин кош бойлуу экенимди жашырып салган”,-дейт Алета.
Булак: Life.ru
Ссылка: https://barometr.kg/content2543
Добавить комментарий ×