Башкы прокуратура бир катар кызматкерлерге кылмыш ишин козгоду
Бишкек шаардык жер пайдалануу жана каттоо башкармалыгынын жана Бишкек башкы архитектурасынын бир нече кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Аталган маалыматка таянсак,башкармалыктын бир катар кызматкерлерине Кылмыш кодексинин 304-беренеси - кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 315-беренеси-иш кагаздарын оңдоо жана 350-беренеси - жасалма документтерди, мөөрлөрдү, бланкаларды жасоо жана колдонуу боюнча кылмыш иши козголду.
Бул иштерге тиешелүү тараптар 2016-жылы жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылган адамдын документтерин оңдоп берип, башка адамдарга сатып жиберишкен.
Учурда тергөө башталды. Кылмыш иши экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлдү.
Ссылка: https://barometr.kg/content2525
Добавить комментарий ×