Мугалимдердин пенсиялары жогорулайбы?

13 июня 2017 10:14 469 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин жыйынында «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды.

    Баяндамачы Евгения Строкованын белгилөөсүндө, мыйзам долбоору жалпы билим берүү мекемелеринде иштеген пенсионерлерди социалдык жактан коргоо максатында даярдалган. «Мыйзам долбоору 20-25 жыл мугалим болуп иштегендердин,  25 жылдан ашык  иштегендердин пенсияларын көбөйтүүгө багытталган. Тагыраак айтканда, мектепте 20-25 жыл иштегендер 10 346 сом, 25 жылдан ишык иштегендер 12 933 сом ала башташат», - деди Е. Строкова.

    Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоорунун максаты мындай маанилүү кесип ээлерине татыктуу пенсия чегерүүнү караса, «мугалим» деген кесиптин престижин көтөрүүгө, мектептерге жаш адистерди тартууга, билим берүүнүн сапатын арттырууга багытталган. «Мугалимдин жумушу – бул жогорку концентрация жана нервдик чыңалуу менен байланышкан эмгек. Мындан сырткары, психологиялык чоң жүктү талап кылат, анткени, мамлекет, коомчулук алдында балдарга татыктуу тарбия, билим берүү деген жоопкерчилик бар», - деди депутат. Ал кошумчалап өткөндөй, мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн бюджеттен Социалдык фондго 1 млрд. 140 млн. сом талап кылынат.

    Жыйындын соңунда эл өкүлдөрү аталган мыйзам долбоорун 1-окууда колдоого алышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content2515



Добавить комментарий