«Витязь» ишканасы министрликтин балансына өткөрүлдү

13 июня 2017 09:58 465 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун алдындагы «Витязь» мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди

Тиешелүү токтомго Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков кол койду.

Учурда Маданият маалымат жана туризм министрлигинде өз кызматкерлерин бекер амбулатордук медициналык көзөмөлдөн өткөрүү үчүн дарылануу-профилактикалык мекемеси болгон эмес.

Муну эске алуу менен, «Витязь» мамлекеттик ишканасы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин балансына өткөрүү чечими кабыл алынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content2513



Добавить комментарий