Новопокровкада эки унаанын кагылышуусунан жети адам жабыркады

13 июня 2017 09:38 450 Barometr
Поделиться в:
ok

Чүй областынын Новопокровка айылында «BMW» жана « Honda Edix» унааларынын кагылышуусунан жети адам жабыркады. Бул тууралуу кайгуул кызматынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, 11- июнда саат  22.30дар чамасында «BMW» унаасынын айдоочусу Бишкек — Токмок унаа жолун көздөй бара жаткан. 13чү километрде Новопокровка айылынан унааны башкара албай каршы тилкедеги жолго чыгып кеткен.

Анын кесепетинен “Honda Edix” унаасы менен сүзүшкөн.   

Эки айдоочу жана жүргүнчүлөр түрдүү жаракаттары менен Кантагы аймактык ооруканага жеткирилген. Унаалар айып токтотуучу стоянкага токтотулуп жана унаам-техникалык экспертизадан өткөрүлмөкчү. Кылмыш иши козголуп изилдөөлөр жүрүүдө. Айдоочулардын канын спирт ичимдиктерин текшерүү үчүн анализге алышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/content2510



Добавить комментарий