ИИМ:Бир жума ичинде 419 кылмыштын бети ачылган
Ички иштер органдары тарабынан ар бир түшкөн маалыматка жана кылмыш болуп жаткан жагдайларга ыкчам аракеттенүү камсыздалган. Өткөн жумада 5-11-июнь ичинде ИИМдин ыкчам аракеттенүү борборунун ыкчам маалыматы боюнча ички иштер органдарынын кылмыш иликтөөсүндө 419 кылмыштын, анын ичинен изи сууй элегинде 81нин бети ачылган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Мурда жасалган кылмыштардан 128 нин бети ачылган. Милиция кызматкерлеринин тарабынан банги каражаттарын мыйзамсыз жүгүртүү багыты боюнча 39 кг. 451 грамм бангизат алынган, алардын ичинен: 1 кг. 73грамм героин, 3 кг. 970 грамм опиум. Жогоруда аталган фактылар боюнча тергөө-иликтөө иштери улантылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content2507
Добавить комментарий ×