Ошто “Таң калыштуу Россия” фотокөргөзмөсү ачылды
Бүгүн, 12-июнда "Сулайман-Тоо" улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде Россия күнүнө карата уюштурулган “Таң калыштуу Россия” фотокөргөзмөсү ачылды. Ага Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замирбек Аскаров, Россиянын Ош шаарындагы башкы консулу Роман Свистин, Россия газетасынын Борбор Азиядагы өкүлү Дмитрий Евлашков жана шаар тургундары келип катышты. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан кабарлашты.
Көргөзмөдө жалпысынан Россия газетасында иштеген фотожурналисттеринин 60га жакын эмгеги коюлган. Сүрөттөрдө Россиядагы жөнөкөй адамдардын турмуш тиричилиги, дыйкандардын, кол өнөрчүлөрдүн эмгектери, жаратылыш кубулуштары чагылдырылып турат.
Фотокөргөзмө Россия күнүнө карата Ош шаарынын мэриясы жана Россия газетасы менен биргеликте уюштурулган. Ал 25-июнга чейин уланат. Бул аталган газетанын үчүнчү ирет уюштуруп жаткан фотокөргөзмөсү.
Ссылка: https://barometr.kg/content2488
Добавить комментарий ×