Эсептөө палатасынын аудитору жана инспекторлору коррупция беренеси боюнча кармалды
Поделиться в:
Эсептөө палатасынын аудитору менен мамлекеттик инспекторлору коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен маалымдашты.
Аталган маалыматка таянсак, Эсептөө палатанын аудитору Э.Э. жана мамлекеттик инспекторлору К.У. жана М.К. текшерүү объектилеринен акча алып жүргөн коррупциялык система ачыкка чыкты. Тактап айтканда, инспекторлор акча алып аудиторго берип турган.
9-июнда аудитор иш бөлмөсүндө инспекторлордун бири менен чоң суммадагы акча менен кармалды. Кармалгандар камакка алынды.
Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси (коррупция) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/content2487
Добавить комментарий ×