“Хан Теңири” паркына кирген туристтер эми 5 миң сом төлөйт
Поделиться в:
“Хан Теңири” улуттук паркына кирген чет элдик туристтер 5 миң сом төлөйт. Бул тууралуу Караколдун туроператорлору ассоциациаясынын башчысы Тимур Акбашев кабарлады.
Анын айтымында, бул туристтердин агымынын кескин азайышына алып келиши ыктымал, негизинен өлкөгө мындай акчаны төлөй албай турган капчыгы чакан туристтер келет.
“Анан калса мындай ыкмалар тууралуу фактыга алып келип такап койбой эртерээк маалымдаш керек болчу. Туристтер өз маршруттарын төлөп коюшкан да. Туристтердин азайышынан жергиликтүү калк жапа чегет”,-деп айтты ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content2484
Добавить комментарий ×