Дүйнөдөгү эң семиз бала 31 килограммга арыктады
Поделиться в:
Индонезиялык 11 жаштагы Арья Пермана дүйнөдөгү эң толук бала деген наам алган. Өз маалында ал 190 кг салмакта болгон. Ашыкча салмак аны өлтүрүп коюусу мүмкүн эле, ошондуктан ата-энеси ашказанын кичирейтүү үчүн операцияга макулдуктарын беришкен. Бул тууралуу “NUR.KZ” сайты “Daily Mail”ге шилтеме берип кабарлады.
Хирургдардын кийлигишүүсү менен Арье учурда 31 килограммга чейин арыктады. Дарыгерлердин айтуусу боюнча бир жыл ичинде ал 100 килограммга арыктоосу ыктымал.
Анын абалы дүйнөдөгү эң оор семирип кетүүнүн түрүнө кирет. Дарыгерлер колго алганга чейин Арье күн сайын тоок этин, күрүч, камыр жана шоколад балмуздагы менен тамактанып келген.
Дарыгерлер катаал диетага отургузушкандан кийин да, ата-энеси аны майлуу тамак менен тамактандырышып келишкен. Арьенин энеси ал ар дайым тамак жегиси келип турат жана жакшы көргөндүгү үчүн тамактандыраарын айткан.
Диетолог-дарыгерге бир нече күн алар менен бирге туруп жашоого аргасыз болгон. Анткени нормалдуу психологиялык маанай тартуулап жана баланы тамактандыра берүүнүн арты кайгылуу болоорун түшүндүргөн.
“Сиздер кылып жаткан нерсе баланы акырындан өлүмгө алып келүүдө. Силер жашай бересиңер ал эми ал өлөт”,-деген дарыгер.
Ошондо гана баланын ата-энеси дарыгердин талаптарын аткара башташкан. Бирок Арье тамак сураганын токтоткон эмес. Баланын ата-энеси катуу чара көрүүгө аргасыз болушкан. Алар баланын ашказанын кичирейтүү максатында жасалчу операцияга макулдук беришкен.
Кызыгы, Арья нормалдуу салмакта төрөлгөн- 3,7 килограмм жна беш жашка чейин жөнөкөй эле бала болгон. Бирок төрт жыл ичинде 127 килограм салмак кошкон.
Дарыгерлер бул маалыматка таң калышкан жана мынча тез салмак кошулуп кетүүнүн себебин түшүндүрө алышкан эмес. Белгилүү болгодой Арьянын тиреотроп гормону (ТТГ) жогорурап кеткен,бирок бул дагы анын бул оорусун себеби боло алган эмес.
Акыркы учурда арыктаганга аракет кылган бала алдыга чоң максаттарды коюуда.
“Мен досторум менен бирге сууда сүзүп, футбол ойноп жана велосипед тепким келет”,-деди Арья.
Ссылка: https://barometr.kg/content2482
Добавить комментарий ×