20 жыл сүйүктүүсүн күттүргөн 93 жаштагы колукту көйнөк тандап жатат (фото)

12 июня 2017 13:16 1400 Barometr
Поделиться в:
ok
“Канбералык (Австралия) 93-жаштагы Сильвия Мартин 88-жаштагы Фрэнк Реймондго турмушка чыгууга камынууда. Тойго даярдык жүрүүдө бирок, келиндин көйнөгү дагы деле тандала элек”,- деп  кабарлайт Life.ru сайты.
 
Күйөө жигит сүйлөшкөн кызынын артынан 20 жыл артынан чуркаган. Бирок колукту-кемпир күйөөгө тийүүгө ашыккан эмес, биринчи маркум күйөөсүн унута албай жаткан имиш. Сильвия жакын арада гана оюунан кайтып кийинки айда турмушка чыкмакчы.
Сильвия бир нече ачык кызыл түстөгү көйнөктөрдүн кайсынысын тандоону билбей жаткан. Тандоо чечимин чыгара албай ал “Фейсбук” колдонучуларына жардам суроо менен кайрылган.
Көпчүлүк колдонуучулар “Birdsnest” шоу-руму өз баракчасына койгон чоң эненин сурөтүн тандашкан. С-вариантындагы көйнөккө үч күн бою басымдуу көпчүлүк добуш берип, дизайнер Саша Дрейктин көйнөгү утуп чыккан.
Колуктунун жаңы көйнөгүнүн баасы  349 доллар 
 

Ссылка: https://barometr.kg/content2478



Добавить комментарий