ӨКМ шашылыш билдирүү таратты: нөшөрлөгөн жамгыр күтүлөт
Поделиться в:
12-15-июнда абанын температурасынын жогорулашына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын дарыяларында суунун дэңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кризистик абалдарды жөнгө салуу борборунан кабарлашты.
"Суу жээктерин жууп кетүү жана дарыялардын нугуна жакын аймактарындагы жайылма тилкелерди суу каптоо ыктымал. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү мүнкүн",-деп айтылат аталган маалыматта.
Ссылка: https://barometr.kg/content2474
Добавить комментарий ×