Аял эмес же эркек эмес: Дүйнөдө алгачкы жолу жыныссыз адам пайда болду
Поделиться в:
“Стар Хаген-Эскерра 15 жашында өзунүн досторуна жана туугандарына бир дагы жыныска кошулбай тургандыгын жана гендерлик бөлүнүү системасын жок экендигин айтып чыккан. Ошондуктан Стар өзүн көптүк түрдө айтып чакыруусун өтүнгөн. Андан бери эки жыл өткөн соң “алар” атын өзгөртүп жана “алардын” гендерлик өзгөчөлүгү паспортто көрсөтүлүүсүн каалашат”,- деп билдирет “ L!FE”.
Калифорниянын Санта-Круз аймагында Стар Сара Келли Кинен менен Ар түрдүүлүк борборунда таанышкан. Ал өткөн жылдын аягында документинде жынысын өзгөртүүгө уруксат алган. “Үчүнчү” жыныска ээ болууну каалаган 55-жаштагы аял Старга жардам берүүнү чечкен. Үч айдан соң алар өз дегендерине жетишкен. Стар дүйнөдөгү биринчи “non-binary” офицалдуу статуска ээ болгон адам болуп калды.
Формалдуу түрдө Американын бир дагы штаты эркек жана аялдан башка 54 түрдөгү жыныстууларды кабыл албайт. Бирок АКШнын көпчүлүк тургундары гендерлик идентфикацияны күмөн катары карап келишет. Бирок, бул жылы баары өзгөрүшү ыктымал-Калифорнияда азыркы учурда көптөгөн саясатчылар жана атактуулардын колдоосуна ээ болгон “үчүнчү” жынысты кабыл алуу туралуу мыйзамды карап чыгышууда.
Төрөлгөндө Сара Келли Кинендин жынысы эркек деп таанылса, бирок кийин балдар үйүндө аны кыз деп өзгөртүшкөн. Кыздын денесиндеги өзгөрүүлөргө байланыштырышып. Бир жылдан кийин аны багып алышат. Чоңойгон кезде анда көйгөйлөр чыга баштаганда ата-энеси аны генетикке көрсөтүшкөн.
Сараны "гермафродит” деп классификациялашкан. Дарыгерлер андан кыздын жыныс мүчөлөрү менен эркектин генин жана аралаш ички жыныс системасын байкашкан. Ата-эне муну жашыруун сактоого чечим кабыл алышкан. Кийин атасы өлөөрүнөн бир жыл мурда (ал учурда Сара 50 жашта болгон) 2012-жылы айткан.
Ссылка: https://barometr.kg/content2473
Добавить комментарий ×