Ат-Башыда 250 үй-бүлөгө бирден музоолу уй таратылды
"Ас Салам" кайрымдуулук фонду Нарын облусундагы жардамга муктаж 250 үй-бүлөгө бирден музоолу уй таратты. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы кабарлады.
Кайрымдуулук саамалыгы Ат-Башы районунун Сарыкоо аймагында уюштурулуп, демилгени КР Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов колдошуп, беш райондон атасыз калган балдарды жакындары менен чогуу чогултуп беришткен. Бул тууралуу "Ас Салам" кайрымдуулук фондунан билдиришти.
Музоолу уйлар район-район боюнча бөлүнүп, эгерде ар бир райондо уйларды бага турган жай табылса анда музоосу гана берилип, уйлар багылып, төлү жыл сайын жетим балдарга берилип турмакчы. Муну менен катар "Ас Салам" кайрымдуулук фондунун жетекчиси Нурмухамед Миңбаев атасы каза тапканы тууралуу расмий документи бар 9 жашка чейинки балдарга 2500 сомдон жөлөк пул берүү маселеси жакынкы 2-3 айда чечиле тургандыгын жана бул маселе ишке ашса облус боюнча 700гө чукул бала ай сайын 2500 сомдон жөлөк пул алып тураарын айтып өттү. Балдарга карала турган жардам боюнча өкмөттүн атынан келген социалдык өнүгүү министринин орунбасары Жылдыз Полотова жана КР Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов аз камсыз болгон, атасыз калган балдарга жардам берүү боюнча өздөрүнүн сунуш-пикирлерин билдиришти.
Ссылка: https://barometr.kg/content2470
Добавить комментарий ×