Бектур Асановду суракка алып жаткан видео тарап кетти

10 июня 2017 11:19 1831 Barometr
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарда Бектур Асановго окшогон адамды укук коргоо органдары тарабынан суракка алып жаткан видео тарап кеткен.

Видеодо көрүнүп тургандай Бектур Асановго окшош адам болжолдуу түрдөө кадрга түшпөй калган тергөөчүнүн суроолоруна жооп берип жатканын көрүүгө болот.

Видео кайсы убакта тартылганы белгисиз.

Видеого түшпөй калган адам Асановго  окшош кишиден Кадыржан Батыров тууралуу өзгөчө анын өлкөдөн качан чыгып кеткендиги жөнүндө сурак алып жатат.  Ал эми жооп берип жаткан адам 13үндө деген жооп узатууда. Видео артындагы адам ким аны чыгаргандыгы жөнүндө суроого ал убактылуу өкмөттүн берген буйругу деп “Ата Мекен” партиясынын лидерин баса белгилөөдө.

Социалдык тармактарда бул алдын ала укук коргоо органдары тарабынан даярдалган себеби, мындай материалдарга белгилүү бир адамдар гана кол жеткизе алышат деген ойлор айтылууда.  Мындан сырткары, Текебаевдин үстүнөн тергөө иштери жүрүп жаткандыгына байланыштуу мындай маалыматтарды жарыялоо азыркы учурда сотко кысым көрсөтүү аракети катары бааланат.  Ал “MegaCom”  уюлдук операторунун үлүштөрү менен байланышкан иштер боюнча айыпталып жатат.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 17-апрелинде Бектур Асанов Биринчи май сотунун чечими боюнча өкмөттү басып алуу аракети үчүн 12 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Ал 2016-жылдын 12-майынан тартып  УКМКнын тергөө абагында камакта.

Ссылка: https://barometr.kg/content2430



Добавить комментарий