Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёев менен жолугушту
Бүгүн, 9-июнда Шанхай кызматташуу уюмунун мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышуунун алкагында Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев президент Алмазбек Атамбаевди жылуу тосуп алды. “Бүгүнкү жолугушуубуз эки тараптуу мамилелер бардык тармактарда жигердүү өнүгүп жаткандыгын ырастап турат. Товар жүгүртүүнүн көлөмү кыйла өстү, эки өлкөнүн чек арасы канатташ облустарынын ортосунда байланыштар тереңдеп жатат. Кайсы жерде жолугушпайлы, алдыга жылыш үчүн биз бардык күч аракетти жумшап жатабыз”,- деди Шавкат Мирзиёев.
Өз кезегинде президент Алмазбек Атамбаев Шавкат Мирзиёевге Өзбекстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакыргандыгы үчүн ыраазычылык айтып, бардык олуттуу тармактарда кыргыз-өзбек мамилелерин чыңдоо боюнча биргелешкен активдүү иштерге даярдыгын билдирди.
Эки өлкө башчыларынын жолугушуусунун жыйынтыгы менен тиешелүү ведомстволорго кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди кол коюу боюнча маселелерди макулдашуу иштерин тездетүүгө тапшырма берилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content2407
Добавить комментарий ×