Бөкөнбаев көчөсүндөгү “NaturaLife” дүкөнүнүн ээси тегерегин таштандыга толтуруп салган
Поделиться в:
Бишкек мэриясынын санитардык-экологиялык инспекторлору шаардын санитардык абалын текшерүү боюнча дагы бир рейд уюштурушкан.
Анын жүрүшүндө, Бөкөнбаев көчөсүндөгү №76 “NaturaLife” дүкөнүнүн тегереги тазаланбай, арыктар таштандыга толуп антисанитардык абалга келип калганы аныкталды.
Буга байланыштуу, аталган аймактын жашоочуларына ыңгайсыздык жаралып, санитардык-гигиеналык нормаларга жооп бербей, шаарды көрктөндүрүү эрежелери бузулгандыгы белгилүу болду.
Инспекторлор тарабынан Административдик кодекстин негизинде дүкөн ээсине протокол түзүлүп жана аны андан ары карап чыгуу үчүн Свердлов районунун администравтидик комиссияна жиберилди.
Ссылка: https://barometr.kg/content2403
Добавить комментарий ×