Кыргызстан ЖККУга өз аймагында куралдарды өндүрүүгө сунуш кылды

9 июня 2017 10:23 479 Barometr
Поделиться в:
ok

"Кыргызстанга аскердик-өнөр жай комплексинин негизинде аскердик биргелешкен өндүрүштү  анын аймагында өнүктүрүүгө кызыкдар. Бул тууралуу өкмөт башчысынын орун басары Жениш Разаков  Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын XV жыйынынында белгиледи",- деп билдирет “ИА REGNUM”

"Кыргызстандын өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмүн көбөйтүү менен бир катар ишканалардын ишин кайра жандандырып жана калкты иш менен камсыз кылуу маселелери чечилет", - деди чиновник.

Жеңиш Разаков белгилегендей  аталган жыйындын жыйынтыгы ЖККУга мүчө мамлекеттердин ортосунда келечекте аскердик-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташууну, уюмдун курамындагы өлкөлөрдө коргонуу өнөр жай ишканаларын ишмердүүлүгүн өнүктүрүүгө дем берет.

Эскерте кетсек, кечээ 8-июнда Бишкек шаарында, Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) аскердик-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын XV жыйыны болуп өттү.

Ссылка: https://barometr.kg/content2393



Добавить комментарий