ИИМдин академиясын курсанттар ийгиликтүү аякташты
5-июнда ИИМдин Академиясын бүтүрүү аземи өттү. Бул жылы окуу жайды 87 курсант аяктады, анын ичинде 18и кыздар жана 3 артыкчылык менен аякташты. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин академиясынын басма сөз кызматы кабарлады.
Иш-чарага Бишкек шаарынын, Чүй областынын ИИББнын жана республиканын ИИБнын башчыларынын кадр боюнча орун басарлары, ИИМдин Академиясынын жетекчилиги жана өздүк курамы катышышты.
Окууну ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөрдү ИИМдин Академиясынын жетекчилиги куттуктап, аларга ийгиликтерди, жетишкендиктерди каалап, профессионалдык бийиктиктерди багындырып, кыргыз элинин конституциялык укутарын, эркиндиктерин коргоп, ак ниеттүүлүк менен кызмат кылууга чакырды.
Өз кезегинде Бишкек шаарынын, Чүй областынын ИИББнын жана республиканын ИИБнын башчыларынын кадр боюнча орун басарлары ИИМдин Академиясынын профессордук-окутуучулук курамына бүтүрүүчүлөргө жогорку билим берүүгө жумшаган эмгектерине ыраазычылык билдиршти.
Ссылка: https://barometr.kg/content2389
Добавить комментарий ×