Аида Касымалиева: Ош-Бишкек жолу Куршаб айылынан өтөт, бир дагы жол чырак жок

8 июня 2017 14:33 553 Barometr
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 8-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйынында КСДП фракциясынан депутат Аида Касымалиева өкмөттөн балдардын катышуусунда болуп жаткан жол кырсыктары катталган жерлерге жол чырак же болбосо “төшөлмө полиция” деп аталган каражаттарды орнотууну талап кылды.

Депутат маалымдагандай Өзгөн  районунун эли менен болгон жолугушууда шайлоочулары мектептин тегерегинде жол чырактардын жоктугун айтышканын билдирди.

«Куршаб айылы аркылуу Ош – Бишкек жолу өтөт, ал эми жол кырсыгына кабылгандардын көпчүлү балдар.  Ошондуктан мектептин айланасына жол чырактарды  же  “төшөлмө полиция”  каражаттарын коюу керек”, - дейт депутат. Мындан сырткары  коомдук угууларды өткөрүү жана жол чырактарды орнотуу үчүн зарыл болгон жерлерди аныктоону сунуштады.

Ссылка: https://barometr.kg/content2362



Добавить комментарий